ТИЛИН ТАРТПОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч тартынбай, тайманбай тике сүйлөө, каяша айтып туруу. Тирмийген жалгыз жаш бала, Тилин тартпай сүйлөдү (Бөкөнбаев). Ыза көргөн Казак тилин тартпайт, ан сайын зулум куданын ачуусу кайнайт (Сыдыкбеков).